Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

“ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү” долбоорунун Консультативдик кеңеши

Долбоордун Консультативдик кеңеши – долбоордун максаттуу топторунун өкүлдөрүнөн турган консультативдик орган, анын максаты улуттук гендердик саясатты жана жергиликтүү кырдаалдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен долбоордун талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу; долбоорду жүзөгө ашырууда маанилүү салым кошууга мүмкүндүк берген долбоордун бардык иш-аракеттери боюнча кайтарым байланышты камсыз кылуу жана келечекте долбоордун таасирин көбөйтүү болуп саналат. Консультативдик кеңеш максаттуу топторго багытталган долбоордун негизги этаптары жана продукттарын талкуулоого катышат.

Консультативдик кеңешке долбоордун төмөнкү максаттуу топторунун өкүлдөрү кирет:

  • Гендердик маселелер боюнча жооптуу мамлекеттик кызматкерлер;
  • Адам укуктары боюнча жарандык коом уюмдары, гендердик маселелер менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдар;
  • Диний уюмдар;
  • Билим берүү боюнча эксперттер;
  • Массалык маалымат каражаттары;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Консультативдик кеңештин ишинин формалары:

  • Жолугушуулар (зарылдыгына жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу),
  • Долбоордук иш-чараларга катышуу (зарылдыгына жараша),
  • Фокус-группаларга катышуу,
  • Интернет-байланыш аркылуу талкууларга катышуу.

Консультативдик кеңештин чечимдери сунуштоо мүнөзүнө ээ жана протокол менен таризделет.

2020-жылдын 3-мартында Консультативдик кеңештин биринчи отурумунда төмөнкү курам бекитилди:

Аты-жөнүУюм \ орду
1Окоева Гульмира КачкыновнаКыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик маселелер боюнча башкармалыгынын начальниги
2Осмонова Асель СайпитдиновнаКыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, министрдин кеңешчиси, гендердик маселелер боюнча жооптуу
3Исаева Гульназ КонурбаевнаКыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, директордун орун басары
4Курбанова Чинара ОсмоновнаКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык “Окуу китеп” илимий-практикалык борборунун директору”
5Ачикеева Чолпон ЧекировнаКыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, гендердик маселелери боюнча жоопту
6Карыбаева Эльнура АскеровнаБишкек шаарынын мэриясы, социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
7Абдыкеримова_Нургуль_Абдыжапаровна«Медианы өнүктүрүү борбору» коомдук фонду, директор
8Валиева Тамара БектурсуновнаММКна арыздары кароо комиссиясы, төрага
9Тюлекова Толкун КанебековнаКыргызстан кризистик борборлор ассоциациясы, төрага
10Насырова Альфия РустамовнаКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү
11Кириленко Анна Васильевна“БИОМ” экологиялык кыймылы, аткаруучу директор
12Кангельдиева Гульсана Искаковна“Тынчтык үйү” коомдук фонду, директор