Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

Кыргызстандыктар саясатта аялдардын көп болушу керек деп эсептешет.

Кыргызстандыктар саясатта аялдар көп болушу керек деп эсептешет!

Кыргызстандыктардын 66 пайызы саясатта аялдардын көп болушу керек деген ишенимде. Муну Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) сурамжылоонун жыйынтыгы далилдейт.

Ошол эле учурда респонденттердин 52 пайызы өз жообун аялдар эркектерге караганда негизинен салмактуураак жана акылдуураак экендиги менен түшүндүрүшкөн.

Дагы 41 пайызы аялдардын саясатта көбүрөөк болушу жаш аялдардын саясий жана коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет деп ойлошкон. 35 пайызы аялдардын укуктарына байланышкан маселелерди чечүүдө аялдар натыйжалуураак экенин белгилешти. Ал эми 30 пайызы өкмөттүн курамы жалпы элдин курамына окшош болушу керек деген ишенимде. Эл аралык республикалык институт (IRI) кыргызстандыктар арасында салтка айланган сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарынан 1483 адам катышкан. Сурамжылоо 2019-жылдын 21-ноябрынан 3-декабрына чейин жүргүзүлгөн.

Бөлүш