Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

«ДаткАйым» долбоорунун Консультативдик кеңешинин отуруму

3-мартта “ДаткАйым – гендердик теңчиликти жаңыча илгерилетебиз” долбоорунун Консультативдик кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү.

Долбоордун Консультативдик Кеңеши долбоордун максаттуу топторунун өкүлдөрүнөн турган орган болуп саналат. Кеңештин максаты – улуттук гендердик саясатты, жергиликтүү кырдаалдын өзгөчөлүгүн эске алуу менен долбоордун талаптагыдай ишке ашырылышын камсыз кылуу, долбоордун бардык иш-чаралары боюнча пикирлерди билдирүү, бул долбоорго олуттуу салым кошо турган жана анын узак мөөнөттүү келечекте көбүрөөк таасир этет. Консультативдик кеңеш максаттуу топторго багытталган долбоордун негизги этаптарын жана продукцияларын талкуулоого катышат.

Консультативдик кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
– гендердик маселелер боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери;
– адам укуктары боюнча ЖКУлар, гендердик маселелер менен алектенген бейөкмөт уюмдар;
– диний уюмдар;
– билим берүү тармагындагы эксперттер;
– ЖМК;
– ОММУ.

Бөлүш