Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

“ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү” жарандык коомдун өкүлдөрүн, активисттерди жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүндө гендердик теңчиликти алдыга жылдыруу жана жайылтуу темасына арналган 1 күндүк тренингке катышууга чакырат!

“ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү” жарандык коомдун өкүлдөрүн, активисттерди жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүндө гендердик теңчиликти алдыга жылдыруу жана жайылтуу темасына арналган 1 күндүк тренингке катышууга чакырат!

Тренингтер төмөнкү даталарда өтмөкчү:

19 жана 20 майда 2022ж., Бишкек шаарында
Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн түндүк областтарындагы (Чуй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын) жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрү үчүн.

25 жана 26 майда 2022ж., Ош шаарында
Ош шаарындагы жана өлкөнүн түштүк областтарындагы (Ош, Жалал-Абад жана Баткен) жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрү үчүн.

Тренингдин максаты – бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук жарандык активисттердин, мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүнүн гендердик комплекстүү мамилелерди илгерилетүү боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, мамлекеттик бийликтин ар кандай секторлорунда гендердик аспектилер боюнча билимди өркүндөтүү жана коомчулукка маалымдуулукту жогорулатуу. гендердик саясат жаатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кенейтүү.

Тренингке катышуу үчүн төмөнкү форманы толтуруп 15 майга 2022 ж. чейин жиберүү зарыл:
 Шилтемеге кириңиз

https://forms.gle/mMRVw1q3bQrPZ2Lb8
 Катышуу үчүн кызыкчылык форманы толтуруп «жиберүү»(Отправить) баскычын басыңыз
Катышуучулардын саны чектелген. Тандалган катышуучулар менен 18-майга 2022 ж. чейин уюштуруучулар байланышат.
Региондордон келген катышуучулардын жол кире, жатакана жана тамактануу чыгымдары уюштуруучулар тарабынан каржыланат.

Анкетаны толтуруу боюнча суроолор үчүн, Жибек Алымбаевага кайрылыңыздар: +996555814629(тел./WA), alymbaevajibek1005@gmail.com .

“ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү” долбоору
Долбоор 2019-2022-жылдары “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук уюму (Кыргыз Республикасы) жана “Данило Долчи” чыгармачыл өнүктүрүү борбору (Италия) тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылат. Долбоордун негизги максаты – бул билим берүүдө, массалык маалымат каражаттарында гендердик жана социалдык дискриминацияны пропагандалоону жоюу жана Туруктуу өнугүү Максатына 5 ылайык гендердик дискриминацияга натыйжалуу жана жемиштүү реакцияны колдонуу аркылуу коомдогу терең тамырлаган патриархалдык жүрүм-турум мамилерин трансформациялоону колдоо.
Долбоор мамлекеттик органдарды, жарандык коомдук уюмдарды, билим берүү уюмдарын, массалык маалымат каражаттарын гендердик теңчиликти жайылтууда колдоого жана гендердик басмырлоону алдын алууга, коомдун бардык деңгээлинде гендердик позитивдүү маалыматтарды жайылтууга багытталган.

Долбоордун вебсайты: https://hero-datkayim.kg/
Фейсбук: https://www.facebook.com/DatkAyim2019
Инстаграм: https://instagram.com/datkaiym_hero?igshid=zici5bc7e8yq
Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCwVLDlowjyokVfRr1JtYiTw

Бөлүш