Гендердик-сезимтал журналистика боюнча тренингге катышуу формасы.
“ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү” долбоору журналисттерди, блогерлерди жана журналисттик уюмдардын өкүлдөрүн гендердик сезимтал темасына арналган 2 күндүк тренингке катышууга чакырат!
Тренингтер төмөнкү даталарда өтмөкчү:
5-8 апрельде 2022ж., Бишкек шаарында
Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн түндүк областтарындагы (Чуй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын) журналисттер, блогерлер жана журналисттик уюмдардын өкүлдөрү үчүн.
14-15 апрельде 2022ж., Ош шаарында
Ош шаарындагы жана өлкөнүн түштүк областтарындагы (Ош, Жалал-Абад жана Баткен) журналисттер, блогерлер жана журналисттик уюмдардын өкүлдөрү үчүн.
Тренингтин максаты – бул массалык маалымат каражаттарында терс гендердик стереотиптердин жана бейкалыс көз-караштардын жайылуусун алдын алуу.
Тренингке катышуу үчүн төмөнкү форманы толтуруп 26 мартка 2022 ж. чейин жиберүү зарыл:
- Шилтемеге кириңиз: https://forms.gle/ZJZ1uCFCpG2Vdg6s9
- Катышуу үчүн кызыкчылык форманы толтуруп «жиберүү» баскычын басыңыз.
Катышуучулардын саны чектелген. Жалпысынан 50 катышуучу тандалып алынат.
Тандалган катышуучулар менен 1 апрелдин 2022 ж. чейин уюштуруучулар байланышат. Аймактардан келген катышуучулардын жол кире жана жатаканасы, тамак-ашы уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.
Анкетаны толтуруу боюнча суроолор үчүн, Жибек Алымбаевага кайрылыңыздар: +996555814629(тел./WA), alymbaevajibek1005@gmail.com .