Ыдык көрсөтүү зордук-зомбулукка алып келиши мүмкүн!
Ыдык көрсөтүү – бул адамдын эркине каршы жасалган, анын аң-сезимине жана денесине ыңгайсыздык жараткан кордоо жана тажатуу. Мындай мамиле тикелей же каймана сөз менен кемсинтүүдөн, коркутуудан, опузалоодон, орой тамашадан же жагымсыз каттардан, телефон чалуулардан, зекетүүдөн, уят-сыйсыз жаңсоолордон, тийишүүдөн, далга таптоодон, чымчылоодон, уруудан, кол салуудан же башка ушуга окшогон кыймыл аракеттерден билиниши мүмкүн...