“ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү” долбоорунун Консультативдик кеңеши
Долбоордун Консультативдик кеңеши – долбоордун максаттуу топторунун өкүлдөрүнөн турган консультативдик орган, анын максаты улуттук гендердик саясатты жана жергиликтүү кырдаалдын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен долбоордун талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу; долбоорду жүзөгө ашырууда маанилүү салым кошууга мүмкүндүк берген долбоордун бардык иш-аракеттери боюнча кайтарым байланышты камсыз кылуу жана келечекте долбоордун таасирин көбөйтүү болуп саналат. Консультативдик кеңеш максаттуу топторго багытталган долбоордун негизги этаптары жана продукттарын талкуулоого катышат.
Консультативдик кеңешке долбоордун төмөнкү максаттуу топторунун өкүлдөрү кирет:
- Гендердик маселелер боюнча жооптуу мамлекеттик кызматкерлер;
- Адам укуктары боюнча жарандык коом уюмдары, гендердик маселелер менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдар;
- Диний уюмдар;
- Билим берүү боюнча эксперттер;
- Массалык маалымат каражаттары;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Консультативдик кеңештин ишинин формалары:
- Жолугушуулар (зарылдыгына жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу),
- Долбоордук иш-чараларга катышуу (зарылдыгына жараша),
- Фокус-группаларга катышуу,
- Интернет-байланыш аркылуу талкууларга катышуу.
Консультативдик кеңештин чечимдери сунуштоо мүнөзүнө ээ жана протокол менен таризделет.
2020-жылдын 3-мартында Консультативдик кеңештин биринчи отурумунда төмөнкү курам бекитилди:
№ | Аты-жөнү | Уюм \ орду |
1 | Окоева Гульмира Качкыновна | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик маселелер боюнча башкармалыгынын начальниги |
2 | Осмонова Асель Сайпитдиновна | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, министрдин кеңешчиси, гендердик маселелер боюнча жооптуу |
3 | Исаева Гульназ Конурбаевна | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, директордун орун басары |
4 | Курбанова Чинара Осмоновна | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык “Окуу китеп” илимий-практикалык борборунун директору” |
5 | Ачикеева Чолпон Чекировна | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, гендердик маселелери боюнча жоопту |
6 | Карыбаева Эльнура Аскеровна | Бишкек шаарынын мэриясы, социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
7 | Абдыкеримова_Нургуль_Абдыжапаровна | «Медианы өнүктүрүү борбору» коомдук фонду, директор |
8 | Валиева Тамара Бектурсуновна | ММКна арыздары кароо комиссиясы, төрага |
9 | Тюлекова Толкун Канебековна | Кыргызстан кризистик борборлор ассоциациясы, төрага |
10 | Насырова Альфия Рустамовна | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү |
11 | Кириленко Анна Васильевна | “БИОМ” экологиялык кыймылы, аткаруучу директор |
12 | Кангельдиева Гульсана Искаковна | “Тынчтык үйү” коомдук фонду, директор |