Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

“Даткайым – Гендердик теңдикке жаңыча жетишүү” долбоорунун алкагында төрт онлайн консультация өткөрүлдү

2020-жылдын декабрь айында "Даткайым - Гендердик теңдикке жаңыча жетишүү" долбоорунун алкагында гендердик күн тартибин жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү тармагы, мамлекеттик органдар жана жарандык коом аркылуу жайылтуу боюнча кызматташтыкты чыңдоо боюнча төрт онлайн консультация өткөрүлдү. Консультацияларга Долбоордун Консультативдик кеңешинин мүчөлөрү, өкмөттүн жана ЖМК өкүлдөрү, окутуучулар, төрт сектордон эксперттер жана долбоордун командасы катышты.
ДаткАйым долбоору “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук уюму (Кыргыз Республикасы) жана “Данило Долчи” чыгармачыл өнүктүрүү борбору (Италия) тарабынан Европа Союзунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылат.
"Даткайым - Гендердик теңдикке жаңыча жетишүү" долбоорунун негизги максаты - билим берүү, массалык маалымат каражаттар чөйрөсүндөгү гендердик жана социалдык дискриминацияны пропагандалоону жоюу аркылуу, ошондой эле 5-Туруктуу өнүгүү максатына ылайык гендердик дискриминацияга натыйжалуу жана жемиштүү таасир этүү аркылуу коомдо терең тамырын жайган патриархалдык жүрүм-турумдун өзгөрүүсүнө көмөктөшүү саналат.
Долбоор мамлекеттик органдарды, жарандык коомдук уюмдарды, билим берүү уюмдарын, массалык маалымат каражаттарын гендердик теңдикти жайылтууда колдоого жана гендердик басмырлоону алдын алууга, коомдун бардык деңгээлинде гендердик позитивдүү маалыматтарды жайылтууга багытталган.
Консультациялар гендердик теңчилик маселелерин жогорулатуу жана маалымдоо, гендердик сезимтал журналистикада, билим берүү чөйрөсүндө, мамлекеттик органдарда жана жарандык коомдо стандарттарды жана шаймандарды колдонуу жана көндүмдөрдү өздөштүрүү муктаждыктарын аныктоо максатында өткөрүлдү.
Консультациялардын жыйынтыгы боюнча, максаттуу топтордун окутуу муктаждыктары жөнүндө отчет иштелип чыгат, анын негизинде бардык 4 багыттын өкүлдөрү үчүн гендердик теңчилик маселелерин жогорулатуу жана маалымдоо боюнча тренингдер иштелип чыгат.

Бөлүш