Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясынын жана 2022-2024-жылдарга иш-аракеттердин улуттук планынын долбоорлорун коомдук талкууга койду.

Долбоордун максаты жана милдеттери
«Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиясы жана Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгуунун максаты – эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана эркиндиктеринин жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн конституциялык кепилдиктери (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 4-бөлүгү, «Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө», ошондой эле Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты ырааттуу жана натыйжалуу ишке ашыруу.
Бул токтом долбоорунун милдеттери:
– мамлекеттик гендердик саясатынын келечектеги узак мөөнөттүү артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана аларды үч жылдык иш-чаралар планынын негизинде ишке ашыруу;
– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган аракеттерин, ошондой эле гендердик саясат чөйрөсүндө жарандык коом уюмдарынын жана туруктуу өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттерин камсыз кылуу.
Документтин долбоору менен бул шилтемеден таанышууга болот

Бөлүш