Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болуп шайланды

2-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо өттү.

Жыйында депутат Марлен Маматалиев “Ынтымак” парламенттик фракциясы Атыр Абдрахматованы колдой тургандыгын айтып, буга кошумча Турсунбек Акунду да сунуштап жатышканын билдирди.

Ал эми депутат Нуржигит Кадырбеков “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясы тарабынан да Атыр Абдрахматова сунушталганын айтып: “Ошондой эле Бакытбек Узенбаев менен Мамат Момуновдун талапкерлигин көрсөтүп жатабыз”, – деди.

Ошондой эле депутат Адахан Мадумаров Атыр Абдрахматованын талапкерлигин “Бүтүн Кыргызстан” да сунуштаганын айтып, колдоого чакырды.

Жыйын маалында сунушталган талапкерлердин өмүр баяны тааныштырылып, өздөрү да жасай турган иштери тууралуу учкай маалымат беришти.

Андан соң депутаттардан турган атайын эсептөө комиссиясы түзүлүп, талапкерлерге добуш берүү жараяны өттү.

Жашыруун добуш берүүнүн негизинде Атыр Абдрахматовага 50, Турсунбек Акунга 2,  Мамат Момуновго 9,  Бакытбек Узенбаевге 13 жана баарына каршы 3 добуш берилген.

Жыйынтыгында Атыр Абдрахматованы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Бөлүш