Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

Аялдар Лидерлик Академиясына катышуучуларды кабыл алуу жарыяланат

“Социалдык Технологиялар Агенттиги” Коомдук Бирикмеси Аялдардын Мыйзам чыгаруу Демилгечилери Альянсынын (Альянс) секретариаты, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, Аялдар Лидерлик Академиясына (Академия) катышуучуларды кабыл алууну жарыялайт.

Академия Кыргыз Республикасында аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн улуттук жана жергиликтүү лидер аялдардын потенциалын жогорулатууга багытталган онлайн билим берүү программасын сунуштайт.

Академия боюнча окутуу 2021-жылдын августунан октябрына чейин Альянстын платформасы (www.awli.kg) аркылуу онлайн тренингдер, юридикалык консультациялар, мастер-класстар, саясатчы айымдар, эксперттер менен жолугушуулар форматында өткөрүлөт:

  • гендердик теңчилик,
  • аялдар менен эркектерге бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн эл аралык жана улуттук мыйзамдар,
  • шайлоо процесстери,
  • жергиликтүү кеңештердин иштеши ж.б.

Академиянын катышуучулары саясий, лидерлик жөндөмдөрүн өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүктөрүн уюштуруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу боюнча билимге жана тажрыйбага ээ болушат, ошондой эле юристтер, саясатчы айымдар, улуттук жана эл аралык деңгээлдеги эксперттер менен консультацияларды өткөрүшөт.

Академияда окутуулар 2021-жылдын август айынан сентябрь айына чейин өтөт.

Аялдар Лидерлик Академиясына катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу билдирмени толтуруңуз:

Кыргыз тилинде: https://forms.gle/zi36GgyBhMYW5GqYA

Орус тилинде: https://forms.gle/7bzxVKWb6o6c8K7T7

Билдирмелер 2021-жылдын 1-августка чейин кабыл алынат.

Бөлүш