Пресс-релиз: Кыргызстандын «ДаткАйым» аял лидерлери.
Кыргызстанда аялдардын саясий өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө жана аялдардын лидерлигин ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган «ДаткАйым» улуттук кампаниясы башталды.
Кампаниянын негизги максаты – лидер аялдардын коомдук жана саясий турмушка натыйжалуу катышуусу үчүн туруктуу платформа түзүү аркылуу алардын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү. Бул платформа ар тараптуу даярдыкты, насаатчылык колдоону жана карьералык өсүү жана коомдук ишмердүүлүк үчүн узак мөөнөттүү инфраструктураны камсыз кылат. Бул коомдун кызыкчылыктарын бийликтин бардык деңгээлдеринде натыйжалуу көрсөтө алган лидер аялдардын жаңы муунун калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Демилге учурдагы тоскоолдуктарды жоюу менен гана чектелбестен, мамлекеттин өнүгүүсүнө аялдардын кошкон салымын тааныган жана баалаган жаңы коомдук аң-сезимди калыптандырууга багытталган. Кампаниянын алкагында активист аялдардын демилгелерин бириктирүү жана Кыргызстанда инклюзивдүү саясий чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүүчү аялдардын лидерлигин илгерилетүү үчүн аянтча түзүлөт. Муну эске алуу менен, кампаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири – аялдарды ар кандай шайлоо процесстерине ийгиликтүү катышууга даярдоо болот.
«ДаткАйым» кампаниясы Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын, 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиянын, ошондой эле 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын негизги чакырыктарына жана приоритеттерине ылайык ишке ашырылууда. Бул демилгени биринчилерден болуп ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси колдогон.
Бүткүл өлкө боюнча лидер аялдарды тандоо үчүн сынак жарыяланат. Тандоо критерийлери: ар кайсы тармактардан келген лидер аялдар, иштеп жаткан чиновниктер жана депутаттар, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына потенциалдуу талапкерлер, ошондой эле коомдук активисттер. Программага катышууну каалагандарды бул жерде сурамжылоодон өтүүнү суранабыз: (катталуу шилтемеси). Сурамжылоо 2025-жылдын 30-сентябрына чейин уланат.
Урматтуу журналисттер, “ДаткАйым” улуттук кампаниясы сиздерге бул релизди ресурстарыңыздарга жайгаштырганыңыздар жана коомчулуктун көңүлүн аялдардын лидерлиги жана коомдук-саясий турмушта аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү маселесине бурууга көмөктөшкөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирет. Бул жалпысынан мамлекеттин өнүгүшүнө жакшы таасир этет.
Программага катышуунун бардык этаптары (тандоо, окутуу, координациялоо ж.б.), ошондой эле Программанын алкагындагы башка маанилүү учурлар жана иш-чаралар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн “ДаткАйым” Кампаниясынын Уюштуруу комитетине кайрылсаңыз болот. Аны төмөнкүлөр жетектейт:
Айнура Усупбекова – Кампаниянын координатору
Зульфия Кочорбаева-Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсынын төрайымы
Наталья Никитенко – коомдук ишмер, эксперт
Маалыматты тактоо үчүн коомчулук менен байланыш боюнча адис Марал Мамбеталиевага төмөнкү телефон номери аркылуу кайрылсаңыз болот: +996552 (502)755 772.
“ДаткАйым” улуттук кампаниясынын миссиясы – Лидер аялдардын потенциалын комплекстүү даярдоо, ментордук колдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү, тилектештик тармактарын бекемдөө аркылуу ар тараптуу өнүктүрүүгө жана алардын саясий турмушка, анын ичинде парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо процесстерине активдүү катышуусуна көмөктөшүү.