Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык коргоо министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды

25-ноябрда Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык коргоо министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды.
Министрлик орун Улукбек Кочкоров кеткенден кийин бош калды. Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары.