Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

Гендердик маселелер боюнча семинар ЕБ-КР

2020-жылдын 14-февралында «ДаткАйым» долбоорунун командасы Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган «Гендердик семинар-2020» семинарына катышты.

Семинарга гендердик маселелер боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, долбоордун өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү, командалардын лидерлери жана ЕБ долбоорлорунун эксперттери, эл аралык донорлордун жана ЕБ мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү, ЖАТ кызматкерлери катышты.

Семинардын максаты – ЕБ программалары гендердик-трансформациялоочу мамилени илгерилетүүгө кандай салым кошо аларын карап чыгуу.

Куттуктоо сөзүн Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Шарлотта Адриен, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин министринин орун басары Жаңыл Алыбаевалар угушту. Ошондой эле, семинардын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Джусупбекова Надира Сынташевна «Кыргызстанда дискриминацияга каршы методологияны иштеп чыгуу жана окуу-методикалык материалдардын гендердик экспертизасын институтташтыруу» презентациясы менен чыкты.

Семинардын катышуучулары гендердик теңчиликке жана коомдун динамикалык өнүгүшүнө жетишүү үчүн бардык түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Семинарда ошондой эле ЕБ гендердик саясатынын алкагында мындан аркы аракеттер талкууланды, атап айтканда, 2020-жылы ЕБ каржылаган долбоорлордо гендердик мейкиндикти киргизүүнү улантуу, ЕБнин 2016-2020-жылдарга гендердик аракеттер планынын максаттарына жетишүү, 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-чаралар планы. Ошондой эле Ray of Light демилгеси менен синергетика түзүү.

Гендердик семинар-2020 материалдары, анын ичинде сунуштар жана Гендердик семинар 2019 боюнча отчет менен Европа Бирлигинин веб-сайтында http://genderworkshop.works/en/ шилтемеси боюнча таанышууга болот.

Семинардын баяндамасы

Бөлүш