Продвигаем гендерное равенство по-новому!
Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү!
New narratives towards a gender equal sociеty!

Гендердик күн тартибин илгерилетүү үчүн кызматташууну бекемдөө боюнча онлайн консультациялар

2020-жылдын декабрь айында "ДаткАйым - Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү" долбоорунун алкагында, жалпыга маалымдоо каражаттары / билим берүү тармагы / мамлекеттик органдар / жарандык коом аркылуу гендердик күн тартибин илгерилетүүдө кызматташтыкты чыңдоо боюнча төрт онлайн консультация өткөрүлдү.
Консультацияларга Долбоордун Консультативдик кеңешинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, билим берүү кызматкерлери, төрт сектордун эксперттери жана долбоордун командасы катышты.
Консультациялар билим берүү чөйрөсүндө / мамлекеттик органдарда / жарандык коомдо гендердик теңчилик маселелери боюнча көндүмдөрдү жана маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле гендердик сезимтал журналистиканын инструменттерин / стандарттарын колдонууну өздөштүрүү муктаждыктарын аныктоо максатында өткөрүлдү.
Консультациялардын жыйынтыгы боюнча, максаттуу топтордун окутуу муктаждыктары жөнүндө отчет иштелип чыгат, анын негизинде бардык 4 багыттын өкүлдөрү үчүн гендердик теңчилик маселелери боюнча маалымдуулукту / түшүнүктү жогорулатуу үчүн тренингдер иштелип чыгат жана өткөрүлөт.
ДаткАйым долбоору “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук уюму (Кыргыз Республикасы) жана “Данило Долчи” чыгармачыл өнүктүрүү борбору (Италия) тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылат.
"ДаткАйым - Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү" долбоорунун негизги максаты - билим берүү, массалык маалымат каражаттар чөйрөсүндөгү гендердик жана социалдык дискриминацияны пропагандалоону жоюу аркылуу, ошондой эле 5-Туруктуу өнүгүү максатына ылайык гендердик дискриминацияга натыйжалуу жана жемиштүү таасир этүү аркылуу коомдо терең тамырын жайган патриархалдык жүрүм-турумдун өзгөрүүсүнө көмөктөшүү.
Долбоор мамлекеттик органдарды, жарандык коомдук уюмдарды, билим берүү уюмдарын, массалык маалымат каражаттарын гендердик теңчиликти жайылтууда колдоого жана гендердик басмырлоону алдын алууга, коомдун бардык деңгээлинде гендердик позитивдүү маалыматтарды жайылтууга багытталган.

Бөлүш